9 февраля 2026 года состоялась встреча Министра природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики с представителями Германского общества по международному сотрудничеству (GIZ).
09-февраля 2026, 12:12
Чуйская область
2026-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Германия Федеративдик Республикасынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү федералдык министрлиги (BMZ) тарабынан каржыланган «Жашыл шаарлар» аттуу аймактык долбоорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Долбоор Тажикстанды, Өзбекстанды жана Кыргыз Республикасын камтыйт. Кыргызстандан негизги өнөктөш катары Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги катышууда.
Долбоордун максаты — жашыл шаардык өнүгүү багытында эл аралык жана аймактык кызматташууну өнүктүрүү, алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу, ошондой эле институционалдык потенциалды чыңдоо жана шаарлардын туруктуу өнүгүүсү боюнча мастер-пландарды даярдоо болуп саналат. Демилгенин алкагында катышуучу өлкөлөрдүн шаарларынын ортосунда тажрыйба алмашуу, климаттык чечимдерди иштеп чыгуу жана экологиялык процесстерди башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүү каралган.
Тараптар «Жашыл шаарлар» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасында туруктуу жана экологиялык жактан коопсуз шаардык чөйрөнү калыптандырууга багытталган практикалык иш-чараларды ишке ашырууда мындан ары кызматташууну чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.