«КР Абанын сапатын жакшыртуу» долбоору төмөнкү кызмат ордуна конкурс жарыялайт: Долбоордун инженери

Чүй өрөөнү
«КР Абанын сапатын жакшыртуу» долбоору төмөнкү кызмат ордуна конкурс жарыялайт: Долбоордун инженери

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИ


 «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА АБАНЫН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУ» ДОЛБООРУ

Төмөнкү кызмат ордуна конкурс жарыялайт:

Долбоордун инженери

Иш графиги: толук иш күнү

Квалификациялык талаптар

  • Курулуш, шаардык жана өндүрүштүк-жарандык инженердик инфраструктура тармагында жогорку инженердик билим же магистр даражасы;
  • Жарандык курулуш тармагында кеминде 8 жылдык иш тажрыйбасы (эл аралык уюмдар тарабынан каржыланган долбоорлордо инженер катары иштөө тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат);
  • Тиешелүү инженердик кызматтарды аткарууга уруксат берүүчү сертификаттын болушу милдеттүү, ал эми сметачы инженер сертификаты артыкчылык болуп саналат;
  • Долбоордук-сметалык документацияны билүү жана техникалык мүнөздөмөлөрдү иштеп чыгуу жөндөмдүүлүгү; ушул сыяктуу долбоорлордо инженер катары иштөө тажрыйбасы, өзгөчө эл аралык агенттиктер (Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европа Бирлиги, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), БУУ ӨП жана башка эл аралык донор уюмдар) тарабынан каржыланган долбоорлордо иштеген тажрыйба артыкчылык болуп саналат;
  • Курулуш нормаларын жана стандарттарын (КРКЧ жана Мамлекеттик стандарт) билүү;
  • Компьютердик көндүмдөр (Microsoft Office программалар пакети);
  • Коммуникациялык көндүмдөр, кыргыз жана орус тилдеринде оозеки жана жазуу түрүндө иш алып баруу; англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат.

Квалификациялык талаптар жана техникалык тапшырма тууралуу кошумча маалымат Тиркемеде №1 берилген.

Орус жана англис тилдеринде даярдалган кеңири резюме жана коштоочу документтер (сунуш каттар, дипломдордун жана сертификаттардын көчүрмөлөрү) тапшырылышы зарыл.

Толук документтер топтому 2026-жылдын 4-февралы, саат 18:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча тапшырылышы керек: Кыргыз Республикасы, 720001, Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 2, 118-кабинет, 1-кабат, же кызмат ордун көрсөтүү менен төмөнкү электрондук даректерге жөнөтүлүшү мүмкүн: aqip.procur@gmail.com , seidanasn@gmail.com.


ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА
 Долбоордун инженери

I. Киришүү


            Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Дүйнөлүк банктын колдоосу менен «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорун (мындан ары – Долбоор) ишке ашырууда.

            Долбоор Кыргыз Республикасында абанын сапатын башкаруу тутумун чыңдоого, абанын сапатын жакшыртууга көмөктөшүүгө жана Бишкек шаарында жана анын айланасында жашыл зоналарды кеңейтүүгө багытталган. Бул турак жайларды жылытуу секторунда таза жылытуу ыкмаларын жана энергияны үнөмдөө чараларын көрсөтүү, ошондой эле Бишкек шаарынын айрым райондорунда шаардык жашылдандыруу боюнча пилоттук иш-чараларды жүзөгө ашыруу аркылуу ишке ашырылат.

            Бул долбоор өлкөдө абанын сапатын башкарууга туруктуу катышуу аркылуу көп тармактуу ыкманы колдонууга мүмкүндүк берет, ошондой эле Бишкек шаарында абанын сапатын жакшыртуу жана калктын ден соолугуна болгон тобокелдиктерди азайтуу максатында инвестициялык колдоо көрсөтөт. Инвестициялар төмөнкү үч багытка багытталат: (i) өлкөдө абанын сапатын башкаруу тутумун чыңдоо (1-компонент); (ii) Бишкек шаарында таза жылытуу тутумдарын киргизүү (2-компонент); жана  (iii) шаарды жашылдандыруу боюнча чараларды ишке ашыруу (3-компонент).

Жалпысынан бул үч багыт PM2,5 жана CO2 чыгындыларын кыскартууга, ошондой эле аларга байланыштуу ден соолукка болгон тобокелдиктерди азайтууга багытталган. Долбоор узак мөөнөттүү келечекте климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартууга да, ага ылайыкташууга да өбөлгө түзөт.

            Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (КР ЖРЭТКМ) долбоордун негизги аткаруучу агенттиги болуп саналат. Министрликтин алдында түзүлгөн Долбоорду ишке ашыруу бөлүмү (ДИАБ) долбоорду башкаруу, отчеттуулук, сатып алуулар, финансылык жана фидуциардык башкаруу, экологиялык жана социалдык стандарттардын (ЭСС) сакталуусу жана техникалык көзөмөл үчүн жооп берет.ДИАБ Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Долбоорду ишке ашыруу бөлүмү менен, айрыкча 2- жана 3-компоненттер боюнча Бишкек шаарынын муниципалитети менен, ошондой эле 1-компонент боюнча КР ЖРЭТКМ жана Гидрометеорологиялык кызмат менен тыгыз кызматташып иш алып барат.


II.  Тапшырманын максаты 

Бул тапшырманын максаты Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине (КР ЖРЭТКМ) техникалык тапшырмалардын жана техникалык спецификациялардын долбоорлорун даярдоодо, долбоордук-сметалык документацияны жана тендердик документтерди кароодо, тендердик жол-жоболорду өткөрүүдө, курулуш иштерин жана жабдууларды орнотууну тийиштүү көзөмөлдөөнү камсыз кылууда, ошондой эле долбоордун ишмердүүлүгүнө жана операциялык колдонмосуна ылайык курулуш жана техникалык көзөмөл боюнча контракттардын аткарылышын мониторинг жүргүзүүдө көмөк көрсөтүү болуп саналат.



III.  Кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү


ДИАБнын инженеринен талап кылынган атайын функционалдык милдеттерге төмөнкүлөр кирет, бирок алар менен чектелбейт:

  • Долбоордун ар кандай ишмердүүлүктөрү боюнча техникалык тапшырмаларды, тендердик документтерди, техникалык спецификацияларды жана башка тиешелүү документтерди даярдоо;
  • Техникалык-экономикалык негиздемени, долбоордук-сметалык документацияны жана башка техникалык документтерди кароо, пикирлерди берүү;
  • Тендерге катышуучулар тарабынан берилген сунуштардын техникалык баалоосун жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
  • Конкурстук сунуштарды баалоо процессине көмөктөшүү жана тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө техникалык бөлүгүн баалоого колдоо көрсөтүү;
  • Тендер алдындагы жолугушууларга катышуу (зарыл болгон учурда);
  • Тендердик сунуштарды баалоого тиешелүү башка милдеттер (Дүйнөлүк Банк үчүн же баалоонун жыйынтыгы боюнча тендердин катышуучулары үчүн жоопторду даярдоо ж.б.);
  • Келишимдик сүйлөшүүлөргө катышуу, келишимдик сүйлөшүүлөрдүн протоколун даярдоого жардам берүү, зарыл болгон учурда;
  • Долбоорлоо, курулуш жана техникалык көзөмөл боюнча келишимдерди даярдоого көмөк көрсөтүү;
  • Долбоорду ишке ашыруу маселелери боюнча бенефициарлар, мамлекеттик уюмдар жана башка кызыкдар тараптар менен кеңешмелерге катышуу жана өз компетенциясынын чегинде курулуш жөнүндө маалымат берүү;
  • Жогоруда көрсөтүлгөн долбоордук-сметалык документтерди изилдөө боюнча отчеттордон тышкары, инженер долбоордук жана подряддык уюмдар, ошондой эле башка тараптар менен ДИАБнын атынан байланыш жана кат алышууларды (электрондук билдирүүлөр, каттар ж.б.) жүргүзөт, бул техникалык тапшырмада белгиленген тапшырмаларды жана жумуштун өзгөчө көлөмүн аткарууну колдоо үчүн;
  • Курулуш иштеринин техникалык документацияга, келишимге жана иштердин планына ылайык аткарылышын контролдоону камсыз кылуу. Иштердин кечигүүсү, сапатынын төмөн болушу же подрядчылар/консультанттар тарабынан милдеттенмелер аткарылбаган учурда зарыл болгон чараларды сунуштоо;
  • Техникалык көзөмөл боюнча келишимдин аткарылышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу, техникалык көзөмөлдү жакшыртуу боюнча чараларды сунуштоо;
  • Долбоорду даярдоо жана курулуш иштерин жүргүзүү процессинде пайда болушу мүмкүн болгон техникалык чечимдерди, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кароо жана бекитүү;
  • Техникалык көзөмөл боюнча консультант тарабынан тийиштүү сапатта ай сайынгы отчеттордун өз убагында берилүүсүн камсыз кылуу; көзөмөл боюнча консультант тарабынан берилген отчетторду кароо жана зарыл болгон учурда аларды жакшыртуу боюнча сунуштарды берүү;
  • Подрядчы жана көзөмөл боюнча консультант тарабынан даярдалган аткаруучу техникалык документациянын тактыгын мониторинг жүргүзүү;
  • Консультанттан алынган лабораториялык сыноолордун жыйынтыктарын, жашыруун иштер боюнча отчетторду жана курулуш материалдарынын сертификаттарын изилдөө жана талдоо;
  • Бенефициарлар, мамлекеттик курулуш комиссиясы, Бишкекбашкыархитектура жана башка тиешелүү уюмдар менен техникалык документтерди макулдашууда ДИАБга жардам көрсөтүү;
  • Бенефициарлар тарабынан долбоордук ишмердүүлүктү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ар кандай уруксаттарды жана жолдомолорду алуу процедурасын макулдашуу жана колдоо/көмөктөшүү. Бардык материалдар, конструкциялар жана жабдуулар боюнча бардык кепилдик документтерин жана сертификаттарын кабыл алууну жана сакталышын камсыз кылуу жана долбоор аяктагандан кийин аларды ЖРЭТКМге өткөрүп берүү;
  • Заказчы өлкөсүндө контракттарды аткарууга байланыштуу келип чыгуучу милдеттенмелерди жана колдонулуп жаткан мыйзамдарды, анын ичинде контрактты каттоо (продукцияны жана подрядчыны кошо алганда), фискалдык талаптарды жана салыктык режимди изилдөө;
  • Контрактты ишке ашырууга катышкан бардык тараптар тарабынан анын шарттарынын, күтүүлөрүнүн, мөөнөттөрүнүн жана өзгөчө маселелеринин жалпы жана так түшүнүлүшүн камсыз кылуу;
  • Иштердин кечигүүсү, уруксат кагаздарын жана макулдашууларды алуудагы көйгөйлөр, подрядчынын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу же аракетсиздиги сыяктуу критикалык жагдайларды же кыйынчылыктарды аныктоо жана чечүү тартибин белгилөө;
  • Материалдардын/товарлардын жана жабдуулардын сапатын, ошондой эле алардын техникалык муноздөмөлөргө жана стандарттарга туура келүүнү текшерүү;
  • Контракттарды ишке ашырууга байланыштуу тобокелдиктерди, анын ичинде чыгымдарга, мөөнөттөргө жана контракттык максаттарга байланышкан тобокелдиктерди башкаруу;
  • Сактандыруу полистерин жана алардын контракттык талаптарга туура келүүсун текшерүү; 
  • Подрядчы(лар) жана консультант(тар) тарабынан берилген төлөм боюнча суроо-талаптарды кароо жана макулдашуу; 
  • Иштердин аяктагандыгы жөнүндө актыларды кабыл алуу жана документациянын туура түзүлүшүн камсыз кылуу;
  • Контрактты аткаруу учурунда алдамчылык жана коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды камсыз кылуу;
  • Социалдык чаралар жана экологиялык коопсуздук боюнча адистер менен биргеликте курулуш боюнча бардык контракттар экологиялык жана социалдык коопсуздук стандарттарына, анын ичинде эмгекти жана саламаттыкты коргоо талаптарына ылайык аткарылышын камсыз кылуу;
  • Курулуштун бардык этаптарында чыгымдарды баалоо жана чыгымдарга көзөмөл жүргүзүү (курулуш жана монтаждоо иштеринин көлөмүнүн, наркынын жана сапатынын бекитилген долбоорлорго жана сметаларга, курулуш кодексине жана нормативдерге, ошондой эле колдонулган курулуш материалдарынын, продукциянын жана конструкциялардын сапатына туура келүүсүн системалуу түрдө текшерүү);
  • Кабыл алынган жана төлөнгөн курулуш жана монтаждоо иштеринин көлөмдөрү жана чыгымдары боюнча, ошондой эле подрядчы тарабынан сапатсыз аткарылган курулуш жана монтаждоо иштеринин көлөмдөрү жана наркы, кемчиликтерди жоюу жана кайра аткаруу чыгымдары боюнча эсеп-кысапты жүргүзүү;
  • Контракттарды аткаруу учурунда келип чыккан же келип чыгышы мүмкүн болгон ар кандай көйгөйлөр жөнүндө ДИАБнын директорун өз убагында кабардар кылуу жана тиешелүү сунуштарды берүү;
  • Жумуштун жүрүшү жөнүндө үзгүлтүксүз отчетторду даярдоо;
  • Курулуш иштерин кабыл алууну колдонуудагы мамлекеттик жол-жоболорго ылайык координациялоо;
  • ДИАБнын директору жана долбоордун координатору менен макулдашылган башка милдеттерди аткаруу.


IV.  Отчеттуулук


ДИАБнын инженери өз милдеттерин ДИАБнын бардык адистери, ЖРЭТКМнин ыйгарым укуктуу кызматкерлери жана Дүйнөлүк банктын командасы менен тыгыз кызматташтыкта аткарат. Ошондой эле долбоордун инженери өзүнүн техникалык тапшырмасына ылайык ДИАБнын директоруна жана Долбоордун координаторуна үзгүлтүксүз маалыматтарды жана отчетторду берип турат.


Бул тапшырманын алкагында ДИАБнын инженери иштердин аткарылышынын жүрүшү боюнча ай сайынгы жана кварталдык отчетторду, ошондой эле аралык, жылдык жана жыйынтык отчетторду даярдайт. Бул отчеттор отчеттук мезгилдеги ишмердүүлүктүн негизги жыйынтыктарын, негизги маселелерди жана кийинки мезгилге карата пландарды камтууга тийиш. Иштердин аткарылышынын жүрүшү боюнча отчеттор орус тилинде эки (2) нускада кол коюлган түрдө жана электрондук форматта даярдалып, Долбоордун координатору тарабынан макулдашылып бекитилгенден кийин ДИАБнын директоруна электрондук почта аркылуу жөнөтүлүүгө тийиш. ДИАБнын инженери ошондой эле бардык тапшырма толук аяктагандан кийин жыйынтык отчетту орус тилинде эки (2) нускада кол коюлган түрдө жана электрондук форматта даярдоого тийиш. Бул отчет Долбоордун координатору тарабынан бекитилгенден кийин ДИАБнын директоруна электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.


  1. Кардардын салымы

ЖРЭТКМ долбоордун инженери тарабынан иш-милдеттерин аткаруу үчүн консультантка тиешелүү иш ордун, жабдууларды жана эмеректерди камсыз кылат. ДИАБ инженерге тапшырманы натыйжалуу аткарууну камсыз кылуу үчүн бардык тиешелүү отчетторду, документтерди жана колдонмолорду берет.


  1. Контракттын колдонулуу мөөнөтү

Толук иш убактысын камтыган контракт 12 айлык мөөнөткө, үч айлык сыноо мөөнөтү менен түзүлөт. Контракттын мөөнөтү тараптардын өз ара макулдашуусунун негизинде жана долбоордун инженери тарабынан жумуш канааттандырарлык деңгээлде аткарылган шартта, зарыл болгон учурда узартылышы мүмкүн.


  1. Квалификациялык талаптар

Минималдуу квалификациялык талаптар

  1. Курулуш, шаардык жана өндүрүштүк-жарандык инженердик инфраструктура тармагында жогорку инженердик билим же магистр даражасы;
  2. Жарандык курулуш тармагында кеминде 8 жылдык иш тажрыйбасы (эл аралык уюмдар тарабынан каржыланган долбоорлордо инженер катары иштөө тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат);
  3. Тиешелүү инженердик кызматтарды аткарууга уруксат берүүчү сертификаттын болушу милдеттүү, ал эми сметачы инженер сертификаты артыкчылык болуп саналат;
  4. Долбоордук-сметалык документацияны билүү жана техникалык мүнөздөмөлөрдү иштеп чыгуу жөндөмдүүлүгү; ушул сыяктуу долбоорлордо инженер катары иштөө тажрыйбасы, өзгөчө эл аралык агенттиктер (Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европа Бирлиги, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), БУУ ӨП жана башка эл аралык донор уюмдар) тарабынан каржыланган долбоорлордо иштеген тажрыйба артыкчылык болуп саналат;
  5. Курулуш нормаларын жана стандарттарын (КРКЧ жана Мамлекеттик стандарт) билүү;
  6. Компьютердик көндүмдөр (Microsoft Office программалар пакети);
  7. Коммуникациялык көндүмдөр, кыргыз жана орус тилдеринде оозеки жана жазуу түрүндө иш алып баруу; англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат.


icon

Тех.задание_ОРП инженер_RUS_июль

46.55 KB

icon

Конкурс жөнүндө кабарландыруу_инженер_ДИАБ_кырг

23.11 KB

icon

ToR_engineer_ENG

41.99 KB