Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин орун басары М. Жусупбеков иш сапары менен Тажикстан Республикасына барды

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин орун басары М. Жусупбеков иш сапары менен Тажикстан Республикасына барды

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин орун басары М. Жусупбеков иш сапары менен Тажикстан Республикасына барып, өлкөнүн тоо-кен тармагынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Сапардын алкагында ал Турсунзаде шаарындагы эң ири шаар түзүүчү ишкана — Тажик алюминий заводуна (ТадАЗ) барды. 2007-жылдан тартып ишкана расмий түрдө Мамлекеттик унитардык ишкана «Тажик алюминий компаниясы» (TALCO) деп аталат.

Компаниянын негизги продукциясы — баштапкы алюминий болуп саналат. Анын 98 пайыздан ашыгы жыл сайын экспорттолот. Заводдун жылдык өндүрүшү 100 миң тоннадан ашык алюминийди түзүп, TALCOну аймактагы эң ири өнөр жай ишканаларынын бири кылып көрсөтөт.