Тажикстан Республикасында өткөн Экинчи Эл аралык тоо-кен металлургиялык форуму

Чүй өрөөнү
Тажикстан Республикасында өткөн Экинчи Эл аралык тоо-кен металлургиялык форуму
Тажикстан Республикасында өткөн Экинчи Эл аралык тоо-кен металлургиялык форуму


Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиев Тажикстан Республикасында өтүп жаткан Экинчи Эл аралык тоо-кен металлургиялык форумуна катышууда.


Форумдун катышуучуларына кайрылып жатып, министр Кыргызстан — бул өнөктөштүккө, инновацияларга жана жаратылыш ресурстарын башкаруунун заманбап ыкмаларына ачык, Борбор Азиядагы динамикалуу өнүгүп жаткан экономика экенин баса белгиледи.
Тышкы татаал шарттарга карабастан, өлкө туруктуу экономикалык өсүшкө жетишти:
2021–2024-жылдары ички дүң өнүмдүн орточо жылдык өсүшү 8% чамасында болуп, бул региондогу эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.


Эл аралык рейтингдик агенттиктер да бул жетишкендикти тастыкташууда:
* Moody’s божомолду B3 деңгээлине чейин «позитивдүү» деп жогорулатты;
* Standard & Poor’s рейтинди B+ деңгээлинде «туруктуу» божомол менен тастыктады.
Тоо-кен тармагынын ролу


Министр белгилегендей, тоо-кен өндүрүшү Кыргызстан экономикасынын негизги кыймылдаткычтарынын бири бойдон калууда:
* ИДПнын 12,6%,
* өнөр жай продукциясынын 64,5%,
* экспорттун 38% — дал ушул тармактын эсебинен түзүлөт.


Тармакты өнүктүрүү стратегиясынын алкагында Кыргызстан:
* 21 критикалык минералды,
* 4 артыкчылыктуу долбоорду,
* 9 келечектүү кенди,
* 16 изилдөөгө тийиш участокту аныктады.


Маанилүү объектилердин катарында Кутессай-II жана Калесай сыяктуу сейрек кездешүүчү элементтердин кендери, ошондой эле сурьма жана флюорит боюнча келечектүү участкалар, анын ичинде Түндүк Акташ бар.


Критикалык минералдар — келечектеги энергетика жана технологиялардын негизи


Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө критикалык минералдар төмөнкүлөрдүн негизи болуп жатат:
* «жашыл» энергетика,
* санариптештирүү,
* микроэлектроника,
* аэрокосмостук жана коргонуу технологиялары.


Кыргызстан бул тармакта чоң мүмкүнчүлүккө ээ: сейрек кездешүүчү элементтер, жез, сурьма, вольфрам, алюминий жана башка стратегиялык металлдар глобалдык жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыздоодо маанилүү роль ойнойт.
Тажикстан менен кооперациянын мүмкүнчүлүктөрү


Кыргызстанда алюминий чийки заты боюнча Сандик жана Зардалек сыяктуу ири өнөржай кендери бар. Алардын жалпы запасы 400 миллион тоннадан ашат, бул Тажикстандын тоо-кен металлургия комплекси менен кызматташууну кеңейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөт.


Министр ошондой эле төмөнкүлөрдү сунуштады:
Кыргызстанда алюминий чийки затын казуудан тартып, Тажикстанда даяр продукция чыгарууга чейинки бирдиктүү трансчегаралык өндүрүш чынжырын түзүү.


Машиевтин айтымында, мындай долбоорлор регионалдык өнөр жай интеграциясынын ийгиликтүү үлгүсү болуп, жеткирүүлөрдүн туруктуулугун камсыздап, эки өлкөнүн технологиялык кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрөт.


Ал ошондой эле Борбор Азиянын минералдык ресурстар боюнча зор потенциалын белгиледи:
«Регион дүйнөлүк мааниге ээ болгон кен байлыктарына ээ. Теңир-Тоо тоо системасынын уникалдуу структурасы ондогон жылдар бою туруктуу өнөр жайлык өсүштү камсыздай турган жогорку технологиялык өндүрүш чынжырларын түзүүгө шарт түзөт».


Кеңейген кызматташууга даярдык


Министр Машиев белгилегендей:
«Кыргызстан — Тажикстан — эл аралык өнөктөштөр форматында кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр. Максат — чийки затты казып алуу, кайра иштетүү, инфраструктураны өнүктүрүү жана даяр продукцияны экспорттоо боюнча бирдиктүү чынжыр түзүү».


Форум жөнүндө


Форум Тажикстан Республикасын эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, инвестиция тартууга жана тоо-кен металлургиялык тармактын потенциалын бекемдөөгө багытталган.


Иш-чарада Тажикстандагы өнөр жай өлкөнүн экономикасынын негизги багыты болуп, социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө чоң роль ойной турганы белгиленди.


Форумдун башкы максаты — өлкөнүн минералдык чийки затты казып алуу жана кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде жайылтуу.


Маалымат үчүн


Форумдун платформасы төмөнкү максаттарда түзүлгөн:
* тоо-кен металлургиялык тармактагы кызматташууну активдештирүү;
* региондор аралык кооперацияны калыбына келтирүү жана кеңейтүү;
* реалдуу сектордун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу;
* өлкөнүн стратегиялык максаты — ыкчам индустриалдашууга жетишүү.