Вена шаарында эл аралык өзөктүк кепилдиктерди колдонуу маселелери боюнча семинар өттү
16-декабрь 2025, 16:42
Чүй өрөөнү
Вена шаарында эл аралык өзөктүк кепилдиктерди колдонуу маселелери боюнча семинар өттү
2025-жылдын 8–12-декабрь күндөрү Австрия Республикасынын Вена шаарында Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү үчүн эл аралык ядролук кепилдиктерди колдонуу маселелери боюнча семинар өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу департаментинин демилгеси менен, АКШнын Энергетика департаменти (DOE) жана АКШнын Улуттук ядролук коопсуздук администрациясы (NNSA) тарабынан Эл аралык ядролук кепилдиктер инфраструктурасын чыңдоо программасынын (INSEP) алкагында колдоо көрсөтүү менен уюштурулду.
Семинар мамлекеттик органдардын жана операторлордун эл аралык ядролук кепилдиктерди ишке ашыруу маселелери боюнча маалымдуулугун жогорулатууга, ошондой эле Эл аралык атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) Кепилдиктер жөнүндө комплекстүү макулдашуусуна Кошумча протоколдун алкагында Кыргыз Республикасынын баштапкы отчетун даярдоого багытталды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынган аз өлчөмдөр жөнүндө модификацияланган протоколду (ПМК) практикалык колдонуу маселелерине, ошондой эле ядролук материалдарды эсепке алуу жана көзөмөлдөө улуттук тутумунун алкагында функциялар менен жоопкерчиликтерди бөлүштүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Семинарга профилдик мамлекеттик органдардын, өнөр жай ишканаларынын, геологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышып, Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткарууга комплекстүү жана макулдашылган ыкманы камсыз кылды.