Бишкек шаарындагы “Алтын Казык” конушундагы кирпич заводунан чыккан кара түтүн боюнча социалдык тармактарда тараган видеого байланыштуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы жана Экологиялык мониторинг департаменти тарабынан кароо жүргүзүлдү
17-июль 2026, 11:08
Чүй өрөөнү
Бишкек шаарындагы “Алтын Казык” конушундагы кирпич заводунан чыккан кара түтүн боюнча социалдык тармактарда тараган видеого байланыштуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы жана Экологиялык мониторинг департаменти тарабынан кароо жүргүзүлдү.
Ишкананын жетекчилигинин макулдугу менен 2026-жылдын 17-июлунда, таңкы саат 04:00 чамасында заводдун аймагында толук кароо жүргүзүлүп, лабораториялык изилдөөлөр үчүн атмосфералык абадан үлгүлөр (пробалар) алынды.
Текшерүүнүн жана жеринде көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында, кирпич заводдун аймагында синтетикалык каражаттарды, желим калдыктарды же тиричилик таштандыларын жагуу фактылары аныкталган жок.
Ал эми атмосфералык абадан алынган үлгүлөрдүн жыйынтыгы кийинчерээк белгилүү болот.