Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинде БУУнун Алкактык программасын ишке ашыруунун жыйынтыктары жана 2026–2027-жылдарга карата артыкчылыктар боюнча консультациялар болуп өттү.
26-февраль 2026, 17:22
Чүй өрөөнү
2026-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максатында кызматташуу боюнча Рамкалык программасынын III артыкчылыктуу багыты — "Климат, айлана-чөйрө, энергетика жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу" ишке ашыруу жыйынтыктарын талкуулоо боюнча консультациялар болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн климаттык туруктуулугун жогорулатууга, жаратылыш ресурстарын башкарууну жакшыртууга, кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тутумун чыңдоого багытталган 2025-жылга карата биргелешкен иш-чаралардын жыйынтыктары каралып, 2026-2027-жылдарга негизги стратегиялык артыкчылыктар аныкталды.
Консультацияларга Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары А. Раимкулова, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү А. Соловьева, ФАОнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Олег Гучгельдыев, “БУУ-Аялдар” түзүмүнүн Кыргыз Республикасындагы өкүлү Сайед Садик, ошондой эле БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк директору Кожиро Накай катышты.
2025-жылы Кыргыз Республикасынын климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине ыңгайлашуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу механизмдерин өнүктүрүү жана мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жеке сектордун катышуусунда тармактар аралык өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлгөнү белгиленди.
Өзгөчө көңүл климаттык жана экологиялык артыкчылыктарды Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы менен шайкеш келтирүүгө, ошондой эле калктын бакубаттуулугун жогорулатууга жана өлкө аймактарынын туруктуу өнүгүшүнө багытталган конкреттүү, өлчөнүүчү натыйжаларга жетишүү зарылдыгына бурулду.
Консультациялардын жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын климаттык жана экологиялык чакырыктарга туруктуулугун жогорулатуу максатында кызматташтыкты мындан ары чыңдоого, институционалдык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана күч-аракеттерди бириктирүүгө берилгендигин ырасташты.