Жаратылыш ресурстары министрлигинде StoneX Group компаниясынын өкүлдөрү менен кызматташуу маселелерин талкуулады

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлигинде StoneX Group компаниясынын өкүлдөрү менен кызматташуу маселелерин талкуулады

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиевдин жетекчилиги алдында америкалык StoneX Group финансылык корпорациясынын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар инвестицияларды тартуу жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Бул жолугушуу 2026-жылдын 21-сентябрында АКШнын Нью-Йорк шаарында башталган диалогдун уландысы болду. Анда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров StoneX Group компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Тараптар инвестициялык климатты жакшыртуу, баалуу металлдар соодасы, тобокелдиктерди башкаруу жана заманбап финансылык инструменттерди колдонуу маселелерин карашкан.

Иш сапардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен StoneX Group компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган болчу.


StoneX Group — товардык биржаларда брокердик кызматтарды көрсөтүү, тобокелдиктерди башкаруу жана финансылык инструменттер менен иштөө жаатында адистешкен ири америкалык компания.