Кыргызстанда атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча чаралар күчөтүлдү
23-январь 2026, 10:40
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиевдин төрагалыгы алдында иш алып барган Атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын активдүү ишинин алкагында атмосфералык абанын булганышын азайтууга жана өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртууга багытталган комплекстүү чаралар ишке ашырылууда.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-мартындагы № 221 тескемеси менен Атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жаңыланган курамы бекитилип, анын курамына 25 министрлик жана ведомствонун өкүлдөрү, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары киргизилди. Бул тармактар аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүп, кабыл алынып жаткан чаралардын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Комиссиянын ишинин негизги жыйынтыктарынын бири — калкты газдаштыруунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана жарандарга болгон каржылык жүктү азайтуу болду.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 349 тескемесине ылайык, турак жайларды газдаштыруу үчүн 150 миң сомго чейин 3 % жылдык үстөк менен (мурун — 8 %) жеңилдетилген насыялар берилүүдө. Натыйжада Бишкек шаарында 51 миңден ашык үй чарбалары газга кошулуп, көмүрдү керектөө болжол менен 100 миң тоннага кыскарды.
Калктын саламаттыгын коргоо жана жарандардын жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы № 639 токтому менен Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында фракциясы 0–13 мм болгон чачма көмүрдү алып кирүүгө, сатууга, сактоого жана колдонууга тыюу салынды. Бул чектөө жылуулук энергиясын өндүрүүнү камсыз кылган ишканаларга тиешелүү эмес.
Муну менен катар министрлик тарабынан мамлекеттик экологиялык көзөмөл багытында системалуу иштер жүргүзүлүүдө. 2024-жылдын 10-декабрындагы № 382 буйруктун негизинде республика боюнча атмосфералык абаны коргоо боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлүүдө. 2025-жылы автотранспорт каражаттары тарабынан чыгарылган зыяндуу заттардын ченемден ашуусу үчүн 3,7 млн сомдон ашык айып пулга 202 протокол түзүлгөн. Чарбалык субъекттерди текшерүүнүн жыйынтыгында 9,87 млн сом өлчөмүндө 450 протокол түзүлүп, ошондой эле 3 795 субъектке экологиялык талаптарды сактоо боюнча эскертмелер жөнөтүлгөн.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкек шаарынын жаратылыш-экологиялык каркасын калыптандыруу иштерине активдүү катышып, экологиялык абалды жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган чараларды ишке ашырууда.