Кыргыз Республикасында туруктуу органикалык булгоочуулар жана химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук боюнча эки маанилүү документ кабыл алынды
27-июль 2026, 16:40
Кыргыз Республикасында туруктуу органикалык булгоочуулар жана химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук боюнча эки маанилүү документ кабыл алынды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өлкөнүн химиялык жана экологиялык коопсуздугун чыңдоо, айлана-чөйрөнү коргоо, калктын ден соолугун сактоо жана эл аралык милдеттенмелерди аткаруу багытында эки стратегиялык мааниге ээ болгон тескемени кабыл алды.
Кабыл алынган документтер Кыргыз Республикасынын химиялык коопсуздук жаатындагы мамлекеттик саясатын өркүндөтүүгө, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө жана эл аралык стандарттарга шайкеш келген натыйжалуу башкаруу системасын калыптандырууга өбөлгө түзөт.
*Биринчи документ* – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин *2026-жылдын 24-июлундагы №562-т тескемеси* менен *2026–2030-жылдарга Туруктуу органикалык булгоочуулар (ТОБ) жөнүндө Стокгольм конвенциясын аткаруу боюнча иш-аракеттер планы* бекитилди.
Аталган иш-аракеттер планы туруктуу органикалык булгоочу заттардын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасирин азайтууга, мындай заттарды экологиялык жактан коопсуз башкарууга, мамлекеттик көзөмөлдү жана мониторингди күчөтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Стокгольм конвенциясынын алкагындагы эл аралык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарууга багытталган.
*Экинчи документ* – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин *№474-т тескемеси* менен *2026–2030-жылдарга химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук (ХБРЯ) коопсуздук боюнча Улуттук иш-аракеттер планы* бекитилди.
Бул Улуттук план химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук тобокелдиктерди азайтуу, улуттук жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, калктын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, мамлекеттик органдардын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларга өз убагында чара көрүү боюнча даярдыгын жогорулатуу, ошондой эле тармактар аралык координацияны күчөтүү максатында иштелип чыккан.
Документтерде министрликтердин жана ведомстволордун жоопкерчилиги так аныкталып, иш-чараларды белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу, алардын жыйынтыгы боюнча үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана аткарылышы жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине берүү каралган. Бул өз кезегинде мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин күчөтүп, кабыл алынган чечимдердин натыйжалуу ишке ашырылышын камсыздайт.
Кабыл алынган пландар химиялык заттарды жана калдыктарды экологиялык жактан коопсуз башкаруу системасын өркүндөтүүгө, туруктуу органикалык булгоочу заттардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга, химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коркунучтарга каршы мамлекеттик даярдыкты чыңдоого, ошондой эле өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүсүнө олуттуу салым кошот.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бул документтердин алкагында мамлекеттик органдар, эл аралык өнөктөштөр, илимий мекемелер жана жарандык коом менен тыгыз кызматташып, белгиленген иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу боюнча иш алып барат.
Аталган эки документтин кабыл алынышы Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу, калктын ден соолугун коргоо жана өлкөнүн эл аралык аброюн бекемдөө багытындагы маанилүү кадам болуп саналат.