Кара-Кулжа районунда Кызыл китепке кирген бүркүт мыйзамсыз кармалган

Чүй өрөөнү
Кара-Кулжа районунда Кызыл китепке кирген бүркүт мыйзамсыз кармалган
Кара-Кулжа районунда Кызыл китепке кирген бүркүт мыйзамсыз кармалган


2026-жылдын 27-январында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгына Кара-Кулжа районунун аймагында бир жаран Кыргыз Республикасынын «Кызыл китебине» киргизилген бүркүттү үйүндө мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.


Аталган маалыматтын негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы «NABU» уюмунун «Барс-2» тобунун кызматкерлери менен биргеликте тиешелүү чараларды көрүп, аталган жаран аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 262-1-беренесине ылайык протокол түзүлүп, 20 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.


Ал эми бүркүт табигый жашоо чөйрөсүнө коё берилди.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.