Кара-Балтада төрт ишкана текшерилип, «Азия сталь» заводунун мештеринин иши убактылуу токтотулду
26-октябрь 2026, 13:53
Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Кара-Балта шаарында тургундардын кайрылууларынын негизинде атмосфералык абаны булгоого жана экологиялык талаптарды бузууга тиешеси мүмкүн болгон төрт ишканада текшерүү жүргүздү.
«Азия Сталь» заводу:
Темир эритүү менен алектенген ишкананы текшерүү учурунда экологиялык талаптарды бузуу фактылары аныкталып, заводдун мештеринин иши убактылуу токтотулду. Ошондой эле ишкананын уруксат берүүчү документтерине байланыштуу жагдайлар такталууда. Мындан тышкары, аталган аймакта өндүрүш калдыктарын мыйзамсыз жайгаштыруу фактылары аныкталып, алар боюнча тиешелүү чараларды көрүү пландалууда.
«Ихсан Групп» ишканасы:
Кара-Балта тоо-кен комбинатынын аймагындагы автобазанын жанында жайгашкан ишкананын ишмердүүлүгү текшерилди. Текшерүү учурунда ишкана болжол менен бир жылдан бери иштебей турганы белгилүү болду.
Кара-Балта бут кийим фабрикасы:
Фабрикада жүргүзүлгөн текшерүүдө атмосферага зыяндуу заттардын чыгарылышы аныкталган жок. Ишканада бут кийим өндүрүү үчүн чийки зат ысытылып, атайын калыптарга куюлуп жаткангыды аныкталып, экологиялык мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча эскертүүлор берилди.
«СУ-4» асфальт-бетон заводу:
Ишкананын аймагында Кытайда чыгарылган жана Германиянын технологиясы боюнча даярдалган эки өндүрүштүк жабдуу иштейт. Учурда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жабдуулар текшерилип, лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынууда. Акыркы корутунду лабораториялык анализдердин жыйынтыктары жана уруксат берүүчү документтер текшерилгенден кийин чыгарылат.
Министрлик жарандардын кайрылууларына өзгөчө көңүл буруп, айлана-чөйрөнү коргоо талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө иштерин улантат. Мыйзам бузуулар аныкталган учурда мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү чаралар көрүлөт.