Ысык-Көлдө полиэтилен баштыктарын колдонууга каршы түшүндүрүү иштери күчөтүлүүдө

Чүй өрөөнү
Ысык-Көлдө полиэтилен баштыктарын колдонууга каршы түшүндүрүү иштери күчөтүлүүдө
Ысык-Көлдүн экологиялык тазалыгын сактоо жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыянды азайтуу максатында кезектеги профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Калдыктарды башкаруу башкармалыгы жана Министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан уюштурулуп, Чолпон-Ата шаары менен Бостери айылындагы ири соода түйүндөрүн камтыды.


Анын жүрүшүндө дүкөн ээлери жана ишкерлер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, полиэтилен баштыктарын колдонууга байланыштуу мыйзам талаптары кеңири айтылды. Ошондой эле талаптарды бузган учурда көрүлө турган чаралар боюнча маалымат берилди.


Жаратылыш министрлигинин кызматкерлери Ысык-Көл аймагында полиэтилен баштыктарын пайдаланууга мыйзам түрүндө тыюу салынганын эскертип, ишкерлерди экологиялык жактан коопсуз баштыктарды колдонууну жана тез чириген биологиялык альтернативага өтүүгө чакырышты. Тактап айтканда, сертификаты бар жана биологиялык жактан тез чирий турган баштыктарды гана колдонуу зарылдыгы белгиленди. Мындай продукциялар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген шайкештик сертификатына (сертификат соответствия) ээ болушу керектиги кошумча түшүндүрүлдү.


Иш-чаранын жүрүшүндө соода жайларынын ээлери полиэтилен баштыктарына коюлган чектөөлөрдү туура кабыл алып, экологияны коргоо боюнча талаптарды колдоорун билдиришти. Ошондой эле алар экологиялык коопсуз альтернативага этап-этабы менен өтүүгө даяр экендиктерин белгилешти.


Экотехкөзөмөл кызматы полиэтилен калдыктары жаратылышка чоң зыян алып келип, көлдүн экосистемасына коркунуч жарата турганын белгилейт. Ошондуктан мындай алдын алуу жана түшүндүрүү иштери мындан ары дагы улантылат.


Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттердин жана пластикалык буюмдардын жүгүртүлүшүн чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында полимер пленкасынан жасалган баштыктарды пайдаланууга жана сатууга тыюу салынган.