Кара-Буура мамлекеттик жаратылыш паркы 13 миңден ашык көчөт отургузууда
03-апрель 2026, 11:42
Чүй өрөөнү
Талас облусунун Айтматов районундагы Кара-Буура мамлекеттик жаратылыш паркынын Бабахан участогунда 6,4 гектар аянтка питомник уюштурулуп, көчөт отургузуу иштери жүргүзүлүүдө.
Аталган иш-чаранын алкагында:
* ак кайың — 10 000 даана
* колоновиддүү туя — 2 000 даана
* көк карагай — 1 000 даана
Жалпы 13 миңден ашык көчөт отургузулуп, аймактын экосистемасын сактоо жана токой ресурстарын көбөйтүү максаты көздөлүүдө.
Бул иштер жаратылыш паркынын биоартүркүндүүлүгүн сактоого жана экологиялык абалды жакшыртууга багытталган.