Чолпон-Атада Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо маселелери боюнча тегерек стол өтүүдө

Чүй өрөөнү
Чолпон-Атада Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо маселелери боюнча тегерек стол өтүүдө
2026-жылдын 29-майында Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо маселелерине арналган стратегиялык тегерек стол өтүп жатат. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан КР Президентинин №131 Жарлыгын жана Аймакты 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөнүн, эл аралык уюмдардын, экологиялык түзүмдөрдүн жана бизнестин өкүлдөрү катышууда.


Иш-чараны ачып жатып, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгын белгиледи:


«Бул глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө бир гана мамлекеттик органдардын күчү жетишсиз. Бул жерде аба менен суудай көп тараптуу мамиле, илимий-академиялык чөйрөлөрдүн, эл аралык эксперттердин жана адистердин тыгыз кызматташтыгы абадай зарыл. Эгерде баарыбыз бирдиктүү күч катары биригип, биргеликте иш алып барсак, койгон максаттарыбызга тез арада жетебиз деп терең ишенем! Ысык-Көлдү сактап калуу — бул биздин келечек муундун алдындагы ыйык милдетибиз».


Тегерек столдун алкагында Ысык-Көлдү сактоо боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттары жана илимий ыкмалар, анын ичинде экологиялык жүк жана аймакты туруктуу өнүктүрүү маселелери талкууланууда.