Бишкекте мыйзамсыз газ сатуу жайлары аныкталды
26-март 2026, 10:20
Чүй өрөөнү
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы, КР ӨКМ алдындагы мамлекеттик өрт көзөмөлү жана КР ИИМдин ЖКККБ менен биргеликте рейд жүргүзүлдү.
Рейддин жүрүшүндө автоунааларды жана тиричилик газ баллондорун мыйзамсыз толтуруучу 5 стихиялык соода түйүнү аныкталып, коопсуздук талаптарын бузгандыгы үчүн алардын ээлерине актылар түзүлүп, айып пулдар салынды. Ошондой эле бир соода түйүнү толугу менен демонтаждалды.
Министрлик калктуу конуштарда көчмө автоунаа газ куюу станцияларын жайгаштырууга катуу тыюу салынарын эскертет.
Мындай рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүп турат. Иш-чаралар 2021-жылдын 20-январындагы №19 Өкмөттүн токтомуна ылайык өткөрүлүүдө