Ысык-Көлдүн акваториясында экологиялык рейд өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
Ысык-Көлдүн акваториясында экологиялык рейд өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ №131 «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын, ошондой эле экологияны коргоо жаатындагы колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын аткаруу максатында, 2025-жылдын 15-декабрында Ысык-Көл көлүнүн акваториясында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.

Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө көл жээгинен 2,5 миң метр аралыкта мыйзамсыз колдонулган, эски синтетикалык (кытай өндүрүшүндөгү) балык уулоочу торлор аныкталып, чогултулду.

Аталган иш-чаралар Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга, суу биологиялык ресурстарын коргоого жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алууга багытталган. Мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да туруктуу негизде улантылат.