Астана шаарында Geoscience & Exploration Central Asia 2026 эл аралык геологиялык форум башталды
02-апрель 2026, 18:01
2026-жылдын 2-апрелинде Астана шаарында Geoscience & Exploration Central Asia 2026 аттуу эл аралык геологиялык форум башталды. Бул форум геология тармагында кесиптик диалог жүргүзүү үчүн жаңы аймактык аянтча болуп калды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геологиялык кызматынын жана «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрүнөн турган кыргыз делегациясы катышууда.
Форум тажрыйба алмашууга жана жер казынасын сарамжалдуу жана туруктуу пайдалануу боюнча биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгууга багытталган.
Борбордук Азия өлкөлөрү минералдык чийки затка бай болуп, бул ресурстар экономиканын өнүгүшүндө жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоодо маанилүү ролду ойнойт.
Форум Борбордук Азия өлкөлөрүнүн делегацияларынын катышуусунда өтүүдө.