Дүйнөлүк банк менен туруктуу өнүгүү багытындагы кызматташуу

Чүй өрөөнү
Дүйнөлүк банк менен туруктуу өнүгүү багытындагы кызматташуу
 2026-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Европа жана Борбор Азия боюнча Дүйнөлүк банктын туруктуу өнүгүү жаатындагы аймактык директору Самех Нагиб Вахба мырзанын катышуусунда жолугушуу болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы стратегиялык кызматташуу маселелерин жана туруктуу өнүгүүнүн негизги багыттары боюнча мындан аркы кызматташууну кеңейтүү келечегин талкуулашты. Айрыкча атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу, ошондой эле Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жаткан «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорун ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, Тоо күн тартибин илгерилетүү боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.


Министр М. Машиев Дүйнөлүк банктын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга, экологиялык тобокелдиктерди азайтууга жана заманбап экологиялык чечимдерди киргизүүгө багытталган артыкчылыктуу улуттук программаларды ишке ашыруудагы колдоосунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле учурда Министрлик климаттык ишмердүүлүк жөнүндө мыйзам долбоорун даярдоо жана кабыл алуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатканы маалымдалды. Бул мыйзам климаттын өзгөрүшүнө байланышкан маселелерди жөнгө салуу боюнча укуктук-нормативдик базаны кеңейтип, парник газдарынын чыгарылышын эсепке алуу, мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук механизмдерин так аныктоого, ошондой эле өлкөнүн төмөн көмүртектүү жана туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн экономикалык стимулдарды киргизүүгө укуктук шарттарды түзөт.


Жолугушуунун соңунда Самех Нагиб Вахба мырза жылуу кабыл алуу жана стратегиялык кызматташуу маселелери боюнча мазмундуу талкуу үчүн ыраазычылыгын билдирди.