Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары министри ЮНОПСтун (UNOPS) көп өлкөлүү кеңсесинин директору менен жолугушту.

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары министри ЮНОПСтун (UNOPS) көп өлкөлүү кеңсесинин директору менен жолугушту.
2026-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиев БУУнун Долбоорлорду тейлөө боюнча башкармалыгынын (ЮНОПС / UNOPS) Вена шаарындагы көп өлкөлүү кеңсесинин директору, Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү уюмдун ишмердүүлүгүн жетектеген доктор Симонетта Силигато менен жолугушуу өткөрдү.


Доктор Симонетта Силигато ЮНОПС уюмунун аймактагы ишмердүүлүгү, ошондой эле Европа Биримдиги – Кыргыз Республикасы жана Кыргыз Республикасы – Тажикстан форматындагы субрегионалдык долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат берди. Ал уюмдун ачыктык жана натыйжалуулук принциптерине берилгендигин белгилеп, токой жана суу ресурстарын башкаруу, табигый кырсыктардын алдын алуу, ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктү суу ресурстарын башкарууга интеграциялоо багыттарында кызматташууга даяр экенин билдирди.


Министр М. Машиев Кыргыз Республикасынын тоолуу өлкө катары экосистемаларды сактоо боюнча өзгөчө жоопкерчилигин белгилеп, Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаров тарабынан 23-октябрдын улуттук символ болгон илбирсти (кар барсын) коргоо күнү катары жарыяланган демилгесинин маанисин баса белгиледи. 


Ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу актуалдуу маселелерге, анын ичинде Ысык-Көл көлүнүн суусунун тартылышына жана аймактагы суу ресурстары маселелерине көңүл бурду. Ушуга байланыштуу климаттын өзгөрүшү тармагында өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоого багытталган Жоготуулар жана зыяндардын ордун толтуруу фонду алкагында кызматташууга кызыкдар экендиги белгиленди.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген бардык багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.