«Эң таза шаар» жана «Эң таза айыл аймагы» конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү

Чүй өрөөнү
«Эң таза шаар» жана «Эң таза айыл аймагы» конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү

2025-жылдын 29-декабрында «Эң таза шаар» жана «Эң таза айыл аймагы» республикалык конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо боюнча салтанаттуу азем болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары министри М. Машиев жана Бишкек шаарынын мэри А. Джунушалиев катышты.

Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө төмөнкү номинациялар боюнча сертификаттар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды:

          *        Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айыл аймагына «Шумкар» маркасындагы автоунаа техникасын алуу үчүн сертификат берилди;

          *        Баткен облусунун Раззаков шаарына таштандыларды сорттоо линиясына сертификат тапшырылды;

          *        Чүй облусунун Орловка шаарына конкурстун өнөктөштөрү — «Хельветас» уюму тарабынан Швейцариянын «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун алкагында даярдалган кошумча сыйлык, үч дөңгөлөктүү мотороллер ыйгарылды;

          *        Сыйлоо аземинин алкагында экология тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон өнөктөштөргө да сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлоо аземи жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын калктуу конуштардын санитардык абалын жакшыртууга, калктын экологиялык маданиятын жогорулатууга жана катуу тиричилик калдыктарын натыйжалуу башкаруу системасын өнүктүрүүгө багытталган конкурстун жыйынтыктоочу иш-чарасы болду.

Мындай конкурстардын өткөрүлүшү аймактарды көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыкты тажрыйбаларды жайылтууга, ошондой эле муниципалитеттер аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт.