Бүгүн «Геология бүгүн» рубрикасында жер казынасын пайдалануу укугуна өткөрүлгөн аукциондор тууралуу баяндап беребиз.

Чүй өрөөнү
Бүгүн «Геология бүгүн» рубрикасында жер казынасын пайдалануу укугуна өткөрүлгөн аукциондор тууралуу баяндап беребиз.
Бүгүн «Геология бүгүн» рубрикасында жер казынасын пайдалануу укугуна өткөрүлгөн аукциондор тууралуу баяндап беребиз.


2025-жылы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геологиялык кызматы тарабынан жер казынасын пайдалануу укугун берүүгө 60 объект боюнча аукциондор пландалып, жарыяланган.


Аткарылган иштердин жыйынтыгында 40 объект боюнча аукциондор ийгиликтүү өткөрүлдү. Жер казынасы объекттеринин баштапкы суммардык баасы 210 677 АКШ долларын түзүп, аукциондордун жыйынтыгында алар 2 353 156 АКШ долларына сатылды. Бул көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасында жер казынасын пайдаланууга инвесторлордун кызыгуусу жогору экенин тастыктайт.


Ошол эле учурда 13 лот боюнча арыздар түшпөгөндүгүнө байланыштуу аукциондор өткөрүлгөн жок деп табылды.


Аукциондор Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамынын 22- жана 24-беренелерине ылайык өткөрүлүп, анда аукцион жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн ыкмаларынын бири катары каралган. Аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы №561 токтому менен бекитилген тиешелүү Жобо менен жөнгө салынат.


Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүү жер казынасы участокторун ачык жана атаандаштык негизде бөлүштүрүүнү камсыз кылууга, инвестицияларды тартууга, өлкөнүн минералдык-сырьё базасын өнүктүрүүгө жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга багытталган маанилүү механизм болуп саналат.