Жыл башынан бери суу объектилеринен 160 км ашуун балык уулоочу тор жана 3,6 тонна таштанды чыгарылды

Ысык-Көл өрөөнү
Жыл башынан бери суу объектилеринен 160 км ашуун балык уулоочу тор жана 3,6 тонна таштанды чыгарылды

Жыл башынан бери Кыргызстандын суу объектилерин тазалоо жана суу биоресурстарын коргоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында 160 090 метрден ашуун балык уулоочу тор жана 3 660 килограмм таштанды чыгарылды.

Бул иштерди Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги суу биоресурстарын коргоо, браконьерликке каршы күрөшүү жана суу экосистемаларын сактоо максатында жүргүзүүдө.

Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын «Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым суу объектилеринде балыкты өнөр жайлык жол менен кармоого мораторий киргизүү жөнүндө токтомуна ылайык уюштурулат.

Негизги иштер Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө, Токтогул, Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарында, ошондой эле өлкөнүн башка суу объектилеринде жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, суу объектилеринде калган эски синтетикалык торлор балыктар жана башка суу жаныбарлары үчүн олуттуу коркунуч жаратат. Алар суу жаныбарларынын торго чырмалышып, өлүшүнө алып келиши мүмкүн. Мындан тышкары, мындай торлор жана башка таштандылар суу экосистемаларына терс таасирин тийгизип, биологиялык ар түрдүүлүккө зыян келтирет.


Ушуга байланыштуу министрлик тарабынан суу объектилерин синтетикалык торлордон жана таштандылардан тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.