Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалымат кызматынын иши: 2025–2026-жылдардагы негизги жыйынтыктар жана артыкчылыктар

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалымат кызматынын иши: 2025–2026-жылдардагы негизги жыйынтыктар жана артыкчылыктар
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалымат кызматынын иши: 2025–2026-жылдардагы негизги жыйынтыктар жана артыкчылыктар


2025-жылы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма-сөз кызматы бөлүмдөрдүн ишин артыкчылыктуу чагылдырып  экологиялык багыттар: айлана-чөйрөнү коргоо, экология жана климат, Геология жана жер казынасын пайдалануу, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана коргоо, ошондой эле мамлекеттик экологиялык жана техникалык көзөмөл боюнча системалуу жана ар тараптуу маалыматтык коштоону камсыз кылды.


Бишкек шаарында жана Чүй облусунда атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча "Мувгрин" КУ менен бирдикте ишке ашырылган маалыматтык кампания негизги багыт болуп калды. Кампаниянын алкагында регионалдык башкармалыктардын адистери жана экологиялык активисттер үчүн коммуникациянын сапатын жогорулатууга жана региондордо экологиялык күн тартибин чагылдырууга багытталган окутуучу тренингдер өткөрүлдү. Ошондой эле Министрликтин бренддик жаңыланган стилинде  иштелип чыккан.


Өзгөчө көңүл Ысык-Көлдүн биосфералык аймагына бурулду. Ысык-Көлдү тазалоо жана браконьерликке каршы күрөшүү маселелери боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Министрликтин социалдык тармактардагы расмий баракчаларында 100дөн ашык материал даярдалган.
Басма-сөз кызматы пластикти колдонууга тыюу салуу, тазалоочу жайлардын ишин жакшыртуу, туристтик сезонго даярдык көрүү боюнча чараларды активдүү чагылдырды.анын алкагында ЖМК өкүлдөрү үчүн эки пресс-тур уюштурулду. Мындан тышкары браконьерликке каршы күрөшүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча рейддик жана инспектордук иш-чаралар жүргүзүлдү.


Маалыматтык иште климаттык күн тартиби маселелери да маанилүү орун алган. Бул багыттагы негизги окуя — Бразилияда өткөн COP 30 тараптар конференциясы болгон. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын климаттык саясатын ишке ашырууга жана эл аралык кызматташтыкка байланыштуу бардык иш-чаралар чагылдырылган.


Мындан тышкары, абанын сапатын жакшыртуу, имараттардын энергияны үнөмдөө, экологиялык акциялар, субботниктер жана эл аралык форумдар боюнча маалыматтык иштер жүргүзүлгөн. Министрликтин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү республикалык жана регионалдык маалымат каражаттарында, ошондой эле расмий санариптик платформаларда үзгүлтүксүз чагылдырылган.
2025-жылда 654дөн ашык интервью жана билдирүүлөр уюштурулган, 840дан ашык маалыматтык материал жарыяланган. Социалдык маанилүү демилгелер ишке ашырылган, анын ичинде республикалык балдардын «Экология балдардын көзү менен » сынагы жана «Геология бүгүн» рубрикасы киргизилген.


2026-жылы маалымат кызматы бардык негизги багыттар боюнча ишин улантып, ачыктыкка, оперативдүү маалымат берүүгө жана калк менен маалымат каражаттарынын кызматташтыгын кеңейтүүгө басым жасайт. Коммуникациялык саясатты күчөтүү максатында министрликте пресс-борбор ачылуу пландалууда, ал брифингдер, пресс-конференциялар жана коомчулук менен түз диалог үчүн туруктуу аянтча болуп кызмат кылат.