Лебединовка айылындагы пенопласт чыгаруучу ишкананын иши экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн токтотулду
11-декабрь 2025, 11:07
Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы социалдык тармактардагы маалыматтарга ыкчам чара көрүү иштерин улантууда.
Фейсбук социалдык тармагына жарыяланган видео материалдын негизинде Муниципалдык инспекция менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Лебединовка айылында жайгашкан пенопласт өндүрүүчү «Барс Аю» ЖЧК экендиги такталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ишканада чан газ тазалоочу орнотмонун жоктугу аныкталып, бул экологиялык нормаларды жана коопсуздук талаптарын бузуу болуп саналгандыктан, Кыргыз Республикасынын административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 230-беренесине ылайык 28 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында ишкананын ишмердүүлүгү чан газ тазалоочу жабдуу орнотулмайынча убактылуу токтотулду.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзам талаптарын сактоого чакырат жана жарандардан түшкөн ар бир кайрылуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрүн маалымдайт.