Жапайы туяктуу жаныбарларды (аркар, теке) көзкарандысыз мониторингдөө

Чүй өрөөнү
Жапайы туяктуу жаныбарларды (аркар, теке) көзкарандысыз мониторингдөө
Эл аралык Тоолор күнүнүн алдынан жана Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча Беш жылдык аракеттер планын ишке ашыруу алкагында Кыргыз Республикасында аркар жана тоо текесинин популяциясын көзкарандысыз эл аралык мониторингдөө иштери башталды.


Мониторингди Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу мамлекеттик аңчы чарбасы жана чет өлкөлүк изилдөөчүлөр Wild Sheep Foundation уюмунун каржылык колдоосу менен жүргүзүшүүдө.


Иштер Ысык-Көл облусунун Барскоон айылынан башталып, үш негизги аймакты камтыйт: Узунгу-Кууш, Ак-Шыйрак жана Ыстык.


8-декабрда, талаа иштеринин биринчи күнүндө, адистер «Сары-Чат Ээр-Таш» жаратылыш паркынын аймагында — Коенду (10-аймак) жана Ак-Таш (11-аймак) тилкелеринде — болжол менен 450–500 аркарды катташты.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу мамлекеттик аңчы чарбасына бекитилген аймакта 900гө жакын аркар саналды.


Мониторингдин негизги максаты — аркар жана текенин популяциясы боюнча жаңыланган маалыматтарды алуу, алардын сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү ортосундагы кызматташтыкты жана маалымат алмашууну өнүктүрүү.


Бул иш-чара Борбор Азия мамлекеттери тарабынан жапайы жаныбарларды биргелешип эсепке алуу боюнча кол коюлган меморандумдун алкагында өткөрүлүүдө. Мониторингге Монголия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнөн адистер жана окумуштуулар катышууда.


Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен био-ресурстар башкармалыгынын башчысы К. Мамбеталиев, «Сары-Чат Ээр-Таш» жаратылыш паркынын директору Ч. Чукумбаев, пресс-кызмат жана ММК өкүлдөрү катышты.


Кыргыз Республикасынын аймагы чакан болгонуна карабастан, өлкөдө дүйнөлүк флоранын 3%, ал эми фаунанын 2% түрлөрү кездешет.
Белгилеп кетсек, бул аркарларды эсепке алуу толугу менен көзкарандысыз жүргүзүлүүдө жана 2025-жылдын 16-декабрына чейин уланат.