Кара-Ой айылындагы эс алуу жайынын аймагында орун алган тамактануучу жайга саркынды суулардын ташып кетишине байланыштуу айып пул салынды
28-июль 2026, 09:05
Кара-Ой айылындагы эс алуу жайынын аймагында орун алган тамактануучу жайга саркынды суулардын ташып кетишине байланыштуу айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан интернет булактарында тараган маалыматтардын негизинде Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында жайгашкан Улуттук илимдер академиясынын “Академия наук” эс алуу жайынын аймагына текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө эс алуу жайынын аймагындагы кафелердин биринде саркынды суулардын ташып жаткандыгы тууралуу маалымат тастыкталып, саркынды суулар топтолуучу септикалык курулманын ташып кеткени аныкталды.
Аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча эс алуу жайына Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык 10 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Мындан тышкары, аныкталган мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жооптуу тарапка 10 календардык күндүн ичинде тиешелүү чараларды көрүү тууралуу милдеттендирме берилди.