Жаратылыш ресурстары министрлиги браконьерликке каршы күрөштү күчөтүүдө
05-март 2026, 17:10
Президенттин №131 Жарлыгын аткаруунун алкагында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Ысык-Көл көлүнүн акваториясында браконьерлик фактыларын аныктоо боюнча пландуу рейд өткөрүштү.
Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында колдонууга тыюу салынган синтетикалык балык уулоочу торлордун 400 метри алынган. Мындай торлорду колдонуу көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүнө олуттуу зыян келтирип, экологиялык тең салмактуулукту бузат.
Министрлик белгилейт: Ысык-Көл көлүнүн суу ресурстарын коргоо боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде улантылууда. Ведомствонун инспекторлору жарандарды жана балык уулоону сүйүүчүлөрдү мыйзам талаптарын сактоого жана аймактын уникалдуу экосистемасына аяр мамиле кылууга чакырат.