Жаратылыш министрлиги жана өнөктөштөр Картахен протоколунун аткарылышы боюнча кийинки кадамдарды талкуулады

Чүй өрөөнү
Жаратылыш министрлиги жана өнөктөштөр Картахен протоколунун аткарылышы боюнча кийинки кадамдарды талкуулады
4–5-декабрда Бишкек шаарынын четинде ФАО/ГЭФтин «Картахен протоколуна ылайык Кыргыз Республикасында улуттук биокоопсуздук механизмин ишке ашыруу» долбоорунун Ведомстволор аралык  жумушчу тобунун жана Байкоочу комитетинин жыйындары өттү.
Бул жолугушуулар биокоопсуздук тармагындагы артыкчылыктуу милдеттерди талкуулоого жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин аткаруу боюнча кийинки аракеттерди аныктоодо маанилүү аянтча болду.


КРнын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин орун басары Алмаз Мусаев долбоордун алкагында жетишилген олуттуу прогрессти белгилеп өттү:
«Бүгүн биз 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга карата милдеттерибизди аныктап жатабыз. Көйгөйлөрдүн татаалдыгына карабастан, жумушчу топ долбоордун алкагындагы иш-чараларды  ийгиликтүү аткара алды», — деди ал.


Ошондой эле ал «Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө» Мыйзамды ишке ашырууну камсыз кылуучу нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгууну бүтүрүү зарылдыгын баса белгиледи.


Борбор Азиянын аймактык экологиялык борборунун (РЭЦЦА) Кыргызстандагы филиалынын директору Кубан Матраимов аткарылган иштер боюнча кеңири баяндама жасап, ал эми Жаратылыш министрлигинин  биоресурстар башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиев долбоордун стратегиялык маанисине көңүл бурду. 


Анын айтымында, Кыргызстан тоолуу өлкө катары уникалдуу, бирок ошол эле учурда экосистемасы өтө аялуу болгондуктан тышкы факторлор терс таасир этиши ыктымал. Мындай шартта ГМОго байланышкан мүмкүн болгон коркунучтарды комплекстүү талдоо, анын ичинде социалдык-экономикалык кесепеттерин баалоо абдан маанилүү.


Жыйындын соңунда долбоордун 2026-жылга карата иш-чаралар планы бекитилди. Кийинки жылы Картахен протоколун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана макулдашуу аяктайт, ошондой эле «Кыргыз Республикасындагы биокоопсуздук жөнүндө» Мыйзамдын алкагындагы тиешелүү ченемдик актылар даярдалмакчы.