Жаратылыш ресурстары министрлиги: Бишкекте заманбап административдик хаб курулууда

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги: Бишкекте заманбап административдик хаб курулууда
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Чүй облусу жана Бишкек шаары үчүн бирдиктүү административдик мейкиндик түзүү долбоорун ишке ашырууда. Жаңы үч кабаттуу имараттын курулушу белгиленген графикке ылайык жана заманбап экологиялык стандарттарды сактоо менен жүргүзүлүүдө.


Бир нече башкармалыктарды жана кызматтарды — Чүй регионалдык башкармалыгын, Бишкек–Аламүдүн башкармалыгын, ошондой эле техникалык көзөмөл кызматынын аймактык бөлүмдөрүн — бир жерге жайгаштыруу мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү оптималдаштырууга жана жарандардын кайрылууларын кароо убактысын кыйла кыскартууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, кызматкерлер үчүн жаңы деңгээлдеги заманбап эмгек шарттарын түзүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана ыкчамдыгына түздөн-түз таасирин тийгизет.


Объектке болгон иш сапарынын жүрүшүндө министр Акыл Токтобаев курулуш иштеринин жүрүшүн жеке көзөмөлгө алып, курулуш технологияларын жана коопсуздук техникасынын талаптарын так сактоого өзгөчө көңүл бурду.


Эске салсак, 2025-жылдын октябрь айында башталган бул долбоор министрликтин ишин санариптештирүү жана оптималдаштыруу багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. Ал аймак тургундары үчүн мамлекеттик кызматтарды жеткиликтүү жана сапаттуу көрсөтүүгө өбөлгө түзөт.