Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити мырза менен жолугушту

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити мырза менен жолугушту
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити мырза менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө министр Хирано Рюити мырзаны кызматка дайындалышы жана Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ага мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Акыл Токтобаев Япония айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттенүү, тоо кен тармагы жаатында Кыргыз Республикасынын негизги өнөктөштөрүнүн бири экендигин белгиледи.


Тараптар экология жана климат тармактарындагы эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле жаратылыш ресурстарын сактоого жана экологиялык коопсуздукту чыңдоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.Өзгөчө көңүл тоо-кен тармагындагы кызматташуу боюнча пикир алмашуу болду. 


Министр эки өлкөнүн заманбап экологиялык технологияларды жайылтуу, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы потенциалды жогорулатуу жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө өбөлгө түзгөн долбоорлорду ишке ашыруу багыттарында өз ара кызматташуусун кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин ырастап, экологиялык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча конструктивдүү диалогду жана биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.