Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаңы жылдык салюттардан баш тартууга чакырат.

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаңы жылдык салюттардан баш тартууга чакырат.

Мындай чечим пиротехниканын атмосфералык абага тийгизген терс таасири менен шартталган, айрыкча кыш мезгилинде температуранын инверсиясынан улам булгоочу заттардын концентрациясы кескин жогорулайт. Мындан тышкары, пиротехникалык буюмдар Олуттуу көлөмдөгү тиричилик таштандыларын жаратат жана өрттүн чыгуу коркунучун жогорулатат.

Министрлик заманбап экологиялык таза альтернативалар — жарык инсталляциялары, менчик-ИЛЛЮМИНАЦИЯЛАР, дрондук шоулар — майрамдык атмосфераны айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен сактоого мүмкүндүк берерин белгилейт.

Буга байланыштуу Министрлик ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, шаарлардын мэрияларына жана жергиликтүү бийлик органдарына өтүп жаткан майрамдык сезондо жаңы жылдык салюттардан баш тартууну камсыз кылууну сунуш кылат.