Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкө аймагында он жылдан бери биринчи жолу ортоазиялык суу кундузу катталганын маалымдайт
12-декабрь 2025, 15:55
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкө аймагында он жылдан бери биринчи жолу ортоазиялык суу кундузу катталганын маалымдайт
«Хан-Теңири» мамлекеттик жаратылыш паркындагы кызматкерлер Солтонбеков Кочорбай жана Бейшекеев Азамат Казакстан менен чектеш Турук дарыясында ортоазиялык суулардын бойго жеткен суу кундузун видеого тартып алышты. Бул Кыргызстандын аймагында түрдүн акыркы он жылдагы биринчи ишенимдүү катталышы болуп калды.
2023–2025-жылдары Кызыл-Суу, Чаткал, Түп, Көкөмерен жана Чүй дарыяларында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө суу кундуздарга тиешелүү эч бир издер табылган эмес. Бул көрүнүш түрдүн өлкөдө толук жоголуп кетүү коркунучун күчөткөн. Бирок жаңы видеокадрлар суу кундуздарын Казакстандын аймагынан убактылуу кирип келиши мүмкүн экенин тастыктады.
Министрлик Турук дарыясынын нугун андан ары изилдөө зарылдыгын белгилейт: жолуккан суу кундузу жалгыз мигрант болгонбу же аймакта жашаган топ сакталып калганбы.