Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыктардагы кызматкерлер үчүн коррупцияга каршы билим берүү семинарын өткөрүү улантылууда
03-июль 2025, 09:41
2025-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгында, ошондой эле Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын, «Нарын» мамлекеттик жаратылыш коругунун, «Салкын-Тѳр» мамлекеттик жаратылыш паркынын жана К.Базарбаев атындагы «Каратал-Жапырык» мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлеринин катышуусунда коррупцияга каршы багытталган эл агартуу семинары өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты – кызматкерлерди коррупцияга каршы мыйзамдардагы акыркы өзгөртүүлөр менен тааныштыруу, алардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик органдарда коррупцияга чыдоосуз мамилени калыптандыруу болду. Семинар Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кабыл алынган мыйзамдардагы жаңылыктарга арналды жана «Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык мыйзамдарындагы актуалдуу жаңылыктар» деген теманын алкагында өттү.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-январындагы №4621 тапшырмасынын негизинде уюштурулган. Анда мамлекеттик органдарга коррупцияга каршы мыйзамдардагы жаңылыктар боюнча кызматкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылган.
Семинардын башталышында Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Р.А.Токталиев өз сөзүндө мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы саясатты колдоп, катышуучуларды коррупцияга каршы мыйзамдарды сактоого чакырып, бул эң коркунучтуу жаман көрүнүш менен күрөшүүдө ийгиликтерди каалады.
Семинардын лектору катары Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү — юридика илимдеринин кандидаты, Ж. Баласагын атындагы КМУнун Юридикалык институтунун кылмыш-жаза укугу жана криминология кафедрасынын доценти Какешов Бакыт Дайрабаевич тарабынан ѳткѳрүлдү.
Б.Д. Какешов баяндамада коррупциянын алдын алууга багытталган мыйзамдардын негизги аспектилерин, ошондой эле коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик чараларын кеңири түшүндүрүп берди.
Семинардын жүрүшүндө төмөнкү маселелер кеңири каралды:
2025-жылдын январынан тартып күчүнө кирген коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы жаңы мыйзам демилгелери;
Мамлекеттик кызматчылардын антикоррупциялык мыйзамдар алкагындагы милдеттери жана ички көзөмөл механизмдери;
Кызыкчылыктардын кагылышуусуна каршы аракеттер жана мамлекеттик кызматкерлердин кирешелерин жана мүлктөрүн декларациялоо механизмдери;
Коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик – анын ичинде кылмыш-жаза, административдик жана тартиптик чаралар;
Коррупцияга каршы күрөшүүдө жарандык коомдун жана коомдук көзөмөлдүн ролу.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар коррупцияга каршы саясат боюнча актуалдуу суроолорго жооп алышып, мыйзамдагы жаңы нормаларды иш жүзүндө колдонуу боюнча сунуштарды да ала алышты.
Иш-чаранын уюштуруучулары мындай семинарлар коомдо коррупцияга каршы маданиятын калыптандырууга, мамлекеттик органдардын ишинде ачыктыкты жана адилеттүүлүктү бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Семинардын соңунда ички иликтөөлөр секторунун башкы адиси К.К. Дабаев семинардын катышуучуларына коррупцияга каршы күрөшүүнүн жеке механизмдери жана учурдагы кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик жөнүндө маалымат берип, аларды жалпысынан чынчылдык жана абийирдүүлүк маданиятын камсыздоого чакырды.
Жаратылыш министрлиги мындай антикоррупциялык семинарларды башка регионалдык бөлүмдөрдө да өткөрүүнү, ошондой эле мамлекеттик түзүмдөрдө коррупциянын алдын алуу боюнча иш-чараларды активдүү өткөрүү пландаштырууда.