Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясын ишке ашыруу боюнча Жетинчи улуттук баяндаманы даярдоону жыйынтыктады.

Чүй өрөөнү
Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясын ишке ашыруу боюнча Жетинчи улуттук баяндаманы даярдоону жыйынтыктады.
Бишкекте Кыргыз Республикасынын биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча Жетинчи улуттук баяндамасын валидациялоо боюнча улуттук семинар болуп өттү. Бул документ өлкөнүн эл аралык жаратылышты коргоо милдеттенмелерин аткаруудагы жетишкендиктерин чагылдырган негизги документ болуп саналат.


Баяндама Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) колдоосу жана «БИОМ» экологиялык кыймылынын көмөгү менен даярдалды.


Жетинчи улуттук баяндама Кыргызстан тарабынан Куньмин–Монреаль биологиялык ар түрдүүлүк боюнча глобалдык алкактык программасын ишке ашыруудагы жетишкендиктерди баалоонун негизги куралы болуп эсептелет. 2026-жылы ал Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциянын Тараптар конференциясында өлкөнүн глобалдык прогресске кошкон салымы катары сунушталат.


БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргыз Республикасын туруктуу чечимдерди илгерилетүүдө, өлкөнүн уникалдуу жаратылыш мурасын сактоодо жана 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашырууда колдоонуну улантууда.
УПӨ –2030 өнүгүүнүн төрт багытына негизделген жана анда жаратылыш ресурстарын башкаруу негизги ролду ойнойт.

Семинардын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, илимий өкүлдөр , эксперттер жана өнөктөш уюмдар төмөнкү маселелерди талкуулашты:
* экосистемаларды сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын кеңейтүүдөгү жетишкендиктер
* токойлорду калыбына келтирүү жана жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу
* түрдүк ар түрдүүлүктү сактоо, анын ичинде ак илбирстин популяциясын калыбына келтирүү чаралары
* климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу биологиялык ар түрдүүлүккө болгон коркунучтар
* биологиялык ар түрдүүлүк маселелерин мамлекеттик саясатка, билим берүүгө жана коомчулукка маалымат жеткирүүгө интеграциялоо
* улуттук артыкчылыктарды ишке ашыруунун каржылык жана институционалдык механизмдери

Улуттук баяндаманы даярдоо — бул Кыргызстандын жаратылышын сактоо боюнча узак мөөнөттүү чечимдерди иштеп чыгууда мамлекеттин, эксперттердин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн күч-аракеттерин бириктирген маанилүү платформа болуп саналат. 

Баяндаманы даярдоо процесси БУУнун Өнүктүрүү программасынын – ГЭФтун “ Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча Улуттук стратегия жана иш-аракеттер планды колдоо жана Жетинчи улуттук баяндамаларды даярдоо боюнча кол чатыр программасы” долбоорунун алкагында колдоого алынган.