Кыргызстан эл аралык климаттык кызматташтыкты күчөтүүдө: КС30да Министр М. Машиевдин маанилүү жолугушуулары болду
08-декабрь 2025, 11:48
Чүй өрөөнү
Кыргызстан эл аралык климаттык кызматташтыкты күчөтүүдө: КС30да Министр М. Машиевдин маанилүү жолугушуулары болду
БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Рамкалык конвенциясынын Тараптар конференциясынын (КС30) алкагында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Асанович Машиев Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ), Адаптациялык фонд жана Жоготуулар жана зыяндар фонду боюнча өкүлдөр менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Глобалдык экологиялык фонд менен болгон жолугушууда тараптар ГЭФ-9дун жаңы долбоордук циклин ишке киргизүүгө даярдык боюнча талкуу жүргүзүштү. Анын ишке ашырылышы келерки жылдын июнь айында башталышы күтүлүүдө. Министр ГЭФ-9га катышуу Кыргыз Республикасы үчүн экологиялык туруктуулукту бекемдөө жана кошумча климаттык каржылоого жетүү жагынан өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.
Өзгөчө көңүл тоолуу өлкөлөрдүн глобалдык климаттык күн тартибиндеги приоритеттерине, ошондой эле ГЭФ иштеп чыгып жаткан жаңы демилгелерге жана конференцияларга бурулду. Кыргыз тарап өзүнүн улуттук демилгелерин — анын ичинде пластикалык булганууну азайтуу боюнча чараларды — тааныштырып, пластик боюнча жаңы эл аралык конвенция түзүү демилгесин колдоого даяр экенин билдирди.
Адаптациялык фонд менен болгон жолугушууда Кыргыз Республикасынын фонд менен кызматташууну кеңейтүүгө болгон кызыкчылыгы жана климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташуу боюнча долбоорлорго финансылык колдоо алуу ниети кайрадан тастыкталды. Айрыкча тоолуу экосистемалардын жана алсыз калк топторунун туруктуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлор талкууланды. Тараптар келечектеги долбоордук сунуштардын багыттары жана улуттук мекемелер менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча пикир алмашты.
Министр Машиев Жоготуулар жана зыяндар фонду менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, тараптар мүмкүн болуучу кызматташтык форматтары боюнча маалымат алмашышты. Кыргыз Республикасы өсүп жаткан климаттык тобокелдиктерди жана климаттык кесепеттерге жооп кайтаруу механизмдерин бекемдөө зарылдыгын эске алуу менен фонд менен активдүү иштөөгө даяр экенин билдирди.
Министр Кыргызстан үчүн эл аралык климаттык механизмдерге активдүү катышуу стратегиялык мааниге ээ экенин, ал табиятты коргоо, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана өлкөнүн климаттык туруктуулугун жогорулатууга багытталган жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.
КС30га катышуунун жыйынтыгында жетишилген натыйжалар
Кыргызстан тарабынан бир катар тематикалык сайт-ивенттерди уюштуруу жана катышуу (ICAT: ОНУВ жана BTR боюнча ачык-айкындуулукту өнүктүрүү, ОНУВ өнөктөштүгү, жаңыланган ОНУВ-3.0дын презентациясы; РЭЦЦА жана Борбор Азия өлкөлөрү менен биргелешкен иш-чаралар).
ЗКФ жана АБРдин «Муздуктардан фермерлерге» (G2F) аттуу 3,5 млрд долларлык региондук программасын кол коюу жол-жобосуна катышуу.
ГЭФ, Адаптациялык фонд, Жоготуулар жана зыяндар фонду, Сантьяго тармагы жана башка өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүү — Кыргыз Республикасындагы долбоорлор портфелин көбөйтүү максатында.
Тоолук күн тартибин РКИК ООНдун расмий процесстеринде илгерилетүү жана 2026-жылы Бонн жыйынында тоолор боюнча эксперттик диалог өткөрүү маселесин макулдашуу.
КС30 Президенттиги менен эки жолу консультация өткөрүү, келечектеги диалогду уюштуруу боюнча консенсуска жетишүү жана Кыргызстан жетектеген тоолор боюнча топтун активдүүлүгүн жогорулатуу.
Бишкекте Тоолуу райондордун туруктуулугу боюнча Глобалдык борбор түзүү демилгесин алдыга жылдыруу.
КС30 жыйынтыгы боюнча сунуштар
Улуттук ачык-айкындуулук тутумун жана ОНУВ-3.0ди ишке ашырууну күчөтүү.
Париж келишиминин 13-беренесине ылайык BTR-2 жана РКИК ООНго НС5 даярдоого киришүү.
ICAT жана глобалдык ОНУВ өнөктөштүгү менен бирге эмиссияларды жана адаптациялык чараларды мониторингдөөнү күчөтүү.
РКИК ООН Секретариатына 2026-жылдагы SB63 эксперттик диалогун өткөрүүгө байланыштуу сунуштарды даярдоо жана киргизүү.
Global Mountain Resilience Center демилгесин мындан ары да активдүү илгерилетүү.
ГЭФ-9 үчүн (тоолуу күн тартибине басым жасоо менен) жана Жоготуулар жана зыяндар фондуна долбоордук сунуштарды даярдоо.