Таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири комплекстүү мониторингден өтүүдө
20-январь 2026, 10:01
Чүй өрөөнү
Таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири комплекстүү мониторингден өтүүдө
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаментинин адистери 2026-жылдын 19-январында Бишкек шаардык санитардык полигонунун аймагындагы таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин аныктоо максатында өнөр жайлык чыгындылардан үлгү алышты.
Изилдөө алкагында азот кычкылы, күкүрт кошкычкылы, азот кошкычкылы, көмүртек кычкылы жана чаңдын концентрациясы боюнча лабораториялык анализдер жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 16-январында заводдун айланасында комплекстүү мониторинг жүргүзүлүп, атмосфералык абадан, топурактан жана Ала-Арча суу сактагычынан кошумча үлгүлөр алынды.
Айлана-чөйрөгө мүмкүн болгон терс таасирлерди алдын алуу максатында аталган ишкана боюнча экологиялык көзөмөлдү күчөтүү жана ай сайын туруктуу мониторинг жүргүзүү пландалууда.