Уюмдун 25 жылдык мааракесине карата экологиялык күн тартибиндеги негизги окуялар

Чүй өрөөнү
Уюмдун 25 жылдык мааракесине карата экологиялык күн тартибиндеги негизги окуялар

ШКУга мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо министрлеринин жетинчи жыйынынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 2026-жылдын 3-апрелинде Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин жетинчи жыйыны жыйынтыкталды.

Иш-чаранын алкагында программанын үчүнчү күнүндө ШКУ өлкөлөрүнүн делегация башчылары “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында бак отургузуу акциясына катышышты. Бул демилге, аймак өлкөлөрүнүн экосистемаларды калыбына келтирүүдөгү биримдигин көрсөтүп гана тим болбостон, Кыргызстандагы “Жашыл Мурас” жалпы улуттук кампаниясынын бир бөлүгү болду.

“Бүгүн биз бул бактарды жаратылышты коргоо боюнча жалпы милдеттенмебиздин символу катары отургузуп жатабыз. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев өз сөзүндө ШКУнун 25 жылдыгында биз дагы бир ирет биздин - кызматташтык сөз менен гана чектелбей тургандыгын,мындан ары да биргелешип иш алынып бара тургандыгын   ырастап, ошондой эле Кыргыз Республикасы “Жашыл алкак – ШКУ” демилгесинин башатында турганын өзгөчө белгиледи. Бул демилге жаратылыш экосистемаларын биргелешип сактоого, токой жана жашыл аймактарды кеңейтүүгө, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди азайтуу боюнча чараларды күчөтүүгө багытталган.

Өзүнүн уникалдуу тоолуу экосистемалары жана бай биологиялык ар түрдүүлүгү менен Кыргызстан ШКУ алкагында экологиялык тилектештик идеяларын илгерилеткен демилгечи гана болбостон, аларды активдүү жүзөгө ашыруучу өлкө катары аймактын “жашыл” өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү күн тартибин калыптандырууда, — деп жыйынтыктады А. Токтобаев.

Жыйын Мамлекеттик №1 резиденциясында улантылды.

Жыйынды ачып жатып, Акыл Токтобаев ШКУнун мааракелик жылында Кыргызстандын төрагалыгы аймактын туруктуу келечегин калыптандырууда өзгөчө жоопкерчилик жүктөй турганын белгиледи.

Министрдин баяндамасынын негизги тезистери:

*Кыргызстан глобалдык эмиссияларга кошкон салымы аз болгонуна карабастан, 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетүү стратегиялык максатын ырастайт.

*Президент Садыр Жапаровдун “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” демилгеси өзгөчө белгиленди. Кыргызстан мөңгүлөрдү коргоо боюнча глобалдык координатор ролун бекемдеди.

*Кыргыз тарап абанын сапатын жакшыртуу боюнча Биргелешкен билдирүү кабыл алууну демилгеледи.

Министр кесиптештерин 2027-жылы өтө турган “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Талкууга Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын делегация башчылары, ошондой эле ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Сохаил Хан катышты.

Тараптар пластик калдыктары менен күрөшүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана “жашыл” технологияларды киргизүү боюнча улуттук тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Катышуучулар экологиялык чакырыктар чек араны тааныбай турганын жана мыйзамдык, технологиялык аракеттерди шайкеш келтирүүнү талап кыларын белгилешти.

Жыйын жыйынтыктоочу Протоколго кол коюу аземи менен аяктады. Кабыл алынган документтер ведомстволор аралык кызматташуунун жаңы деңгээлине негиз болуп, ШКУ мамлекет башчыларынын алдыдагы мааракелик саммитине даярдыкка олуттуу салым кошот.

“Бүгүнкү жыйындын жыйынтыктары — бул аймактын экологиялык коопсуздугуна жана элдерибиздин туруктуу келечегин камсыз кылууга кошулган реалдуу салым”, — деп жыйынтыктады Акыл Токтобаев.