Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан Чолпон-Ата шаары жана Бостери айылында атмосфералык абаны коргоо боюнча 14 теплоход текшерилди
23-июль 2026, 09:09
Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан Чолпон-Ата шаары жана Бостери айылында атмосфералык абаны коргоо боюнча 14 теплоход текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында атмосфералык абаны коргоо жаатындагы мыйзам талаптарын бузуу фактылары аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодексине 4 жеке тарапка административдик протоколдор түзүлдү.
Укук бузууга жол берген жарандардын ар бирине 7 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынып, жалпы айып пулдун суммасы 30 000 сомду түздү.
Жаратылыш ресурстарына караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы айлана-чөйрөнү коргоо жана атмосфералык абанын тазалыгын камсыз кылуу багытындагы рейддик иш-чараларды мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүп, экологиялык мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөөнү улантат.