ЭКО-ЖАҢЫЛЫКТАР
16-январь 2026, 14:38
Чүй өрөөнү
ЫСЫК-КӨЛ ЖЭЭГИНДЕ АК КУУЛАРГА КАМКОРДУК КӨРҮЛДҮ
Жапайы жаратылышты жана канаттууларды коргоо максатында Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору кыштоого келген ак кууларга жем чачуу иш-чарасын өткөрүштү.
Кыш мезгилинде табигый азык азайгандыктан, канаттуулардын коопсуз азыктануусун камсыз кылуу негизги максат болду. Бул иш-чара ак куулардын санын сактоого жана жапайы жаратылыштын экологиялык тең салмактуулугун коргоого багытталган.
Министрлик жаратылышты жана канаттууларды коргоо боюнча иштерди улантат.