Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы КР Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун кызматкерлери менен биргеликте Ысык-Көлдөгү жана Орто-Токой суу сактагычындагы сууга жакын жана сууда сүзүүчү канаттууларды кышкы эсепке алуу иштерин жүргүзүштү.

Чүй өрөөнү

Суу жээгиндеги жана сууда сүзүүчү канаттууларга, ошондой эле алардын Ысык-Көлдөгү чөйрөсүнө экодемографиялык мониторинг жыл сайын – кышында, жазында жана күзүндө жүргүзүлөт.
Канаттуулардын саны жана таралышы боюнча алынган маалыматтар суу объектилеринин абалын, аймактын экологиялык балансын баалоого мүмкүндүк берет жана социалдык-экономикалык абалдын көрсөткүчтөрү катары кызмат кыла алат.

Адистердин айтымында, канаттууларды эсепке алуу Борбордук Азиянын миграциялык каттамдарынын маанилүү участогу болуп саналган Ысык-Көл аймагында жашаган канаттуулардын кышкы жана келгин түрлөрү менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. 

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мындай иш-чаралар биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана жаратылышты туруктуу пайдаланууга өбөлгө түзөт, ал эми эсепке алуунун натыйжалары башкаруучулук жана жаратылышты коргоо чечимдерин кабыл алуу үчүн илимий негиз болуп кызмат кылат деп белгилейт.