Озон катмарын коргоо күнү

Чүй өрөөнү
Озон катмарын коргоо күнү

16-сентябрь дүйнө жүзү боюнча Озон катмарын коргоонун эл аралык күнү белгиленет. Бул күн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан озон катмарын бузган заттар боюнча Монреал протоколунун кабыл алынган күнүн эскерүү максатында негизделген. Аталган күн озон катмарын коргоонун маанилүүлүгү тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга жана бул багытта мамлекеттердин эл аралык милдеттенмелерди аткаруу боюнча күч-аракеттерин бириктирүүгө багытталган.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги атмосфералык абанын сапатына көңүл буруу жана жарандарды озон катмарын, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо иш-аракеттерине тартуу максатында «Таза аба» аттуу бир айлык экологиялык акцияны баштады. Акциянын алкагында муздаткыч заттарды жана аларды камтыган жабдууларды импорттоо менен алектенген бизнес өкүлдөрү менен жыйын өткөрүлдү.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Монреал протоколу жана ага киргизилген өзгөртүүлөр боюнча алган милдеттенмелерин аткаруу маселелери каралып, озон катмарын бузган заттар менен алардын ордун басуучулардын импорту жана жүгүртүлүшүн жөнгө салуунун актуалдуу жагдайлары талкууланды.

Министрлик Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин натыйжалуу аткаруу жана атмосфера абасын, озон катмарын ишенимдүү коргоо үчүн бизнес коомчулугу менен конструктивдүү өз ара аракеттешүүнүн маанисин белгиледи.