Таза шаар — таза өлкө. Ар бирибиздин жоопкерчилигибиз.
16-март 2026, 09:23
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын демилгеси менен жана өлкө боюнча жарыяланган аймактарды санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча эки айлык иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты.
Иш-чара министр Токтобаев Акыл Токтобаевичтин жана анын орун басарларынын жетекчилиги алдында өттү. Борбордук аппараттын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери менен биргеликте коомдук аймактарды тазалоо, куураган жалбырактарды жана тиричилик таштандыларын чогултуу, жашыл зоналарды тартипке келтирүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетүүчү жагдай, бул иштер борбор калаада гана жүргүзүлгөн жок. Өлкөнүн бардык аймактарында министрликтин аймактык жана регионалдык башкармалыктары да эки айлыкка активдүү катышып, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана коомдук жайларды тартипке келтирүү боюнча иш-чараларды уюштурушту.
Бүгүнкү күндө экологиялык күн тартиби — жөн гана иш багыты эмес, мамлекеттик приоритет болуп саналат. Табиятка аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу ар бир адамдын жеке үлгүсүнөн жана конкреттүү аракеттеринен башталат.
Министрлик мындан ары да экологиялык абалды жакшыртууга, жарандар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз чөйрө түзүүгө багытталган демилгелерди активдүү колдоону улантат жана төмөнкү принципти бекем карманат: тазалык — ар бирибиздин жоопкерчилигибиз.
Бирге — таза шаар үчүн.
Бирге — таза өлкө үчүн.