Санариптик трансформация иш жүзүндө: Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги экологияны коргоо үчүн автоматташтырылган системаларды кеңейтүүдө

Чүй өрөөнү
Санариптик трансформация иш жүзүндө: Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги экологияны коргоо үчүн автоматташтырылган системаларды кеңейтүүдө

2026-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде министр М.А. Машиевдин төрагалыгы алдында министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ведомстволук жана аймактык башкармалыктардын, ошондой эле «Түндүк» ААК жана «Альфа Телеком» ЖАК өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңейтилген жыйын өткөрүлдү. Жыйында министрликтин санариптештирүү стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Министр М.А. Машиев жана «Түндүк» ААКнын башкармалыгынын төрайымы А.В. Жумаева тарабынан «Санариптик калдыктар реестри», «Жер казынасы» жана «Экологиялык мониторинг» аттуу автоматташтырылган маалыматтык системаларды (АМС) тестирлөөгө расмий түрдө старт берилди.

Маалыматтык системалар «Түндүк» ААК тарабынан иштелип чыгууда. Бул системаларды киргизүүнүн негизги максаты — эсепке алуу, башкаруу, маалымат алмашуу процесстерин жакшыртуу жана министрликтин ишин жалпы координациялоону күчөтүү болуп саналат.

Маалыматтык системалар толук кандуу ишке киргизилгенден кийин, жарандар жана юридикалык жактар бардык өтүнмөлөрдү толугу менен онлайн форматта тапшыра алышат. Бул мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кыйла жогорулатып, алардын сапатын жакшыртат. Аталган системалардын ишке ашырылышы экология жана жер казынасын пайдалануу тармагын санариптештирүүдөгү маанилүү кадам болуп калат.