Ыкчам баяндама: Сокулук районунда инспекторлор тарабынан мыйзамсыз аңчылык кылуу токтотулду.

Чүй өрөөнү
Ыкчам баяндама: Сокулук районунда инспекторлор тарабынан мыйзамсыз аңчылык кылуу токтотулду.
4-март 2026-жылы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан түнкү рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Белогорка капчыгайында укук бузуу аныкталган. Кармалган жарандын унаасын текшерүү учурунда уруксат берүүчү документтери жок сайлуу ок атуучу курал табылган. Бул факт боюнча КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 261-беренесине ылайык административдик протокол түзүлгөн. Эреже бузган адамга 10 000 сом өлчөмүндө административдик айып салынды. 


КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мыйзамсыз аңчылыкты аныктоо жана бөгөт коюу боюнча рейддер өлкөнүн бардык аймактарында үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүп жатканын эскертет.


 Бул чаралар Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоону жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коргоону камсыз кылууга багытталган.