2026-жылдын 27-февралында министрликтин Геологиялык фондунун иши менен таанышуу өттү.
27-февраль 2026, 17:49
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары А. Турсуниязов Геологиялык фонддун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Кыргыз геология кызматынын директордун орун басарлары Р. Калилов жана А. Курманалиев, ошондой эле кызматтын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Таанышуу учурунда фонддун ишмердүүлүгүнө байланышкан актуалдуу маселелер жана системаны жалпы өркүндөтүү багыттары талкууланды. Геологиялык материалдарды санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан практикалык иштер тааныштырылды.
Өзгөчө көңүл системалуу иш алып барууга, ошондой эле белгиленген пландарга ылайык материалдарды санариптештирүү жана системалаштыруу иштерин улантууга бурулду.
Санариптештирүү системасын киргизүү — берилген тапшырмаларды ишке ашыруунун алкагында Кыргыз геология кызматынын негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
Таанышуунун алкагында санариптештирүү процессинде колдонулуп жаткан заманбап техникалык жабдуулардын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Жаңы технологиялык чечимдерди колдонуу материалдарды жогорку сапатта сканерлөө жана иштетүү, иштерди ыкчам аткаруу, ошондой эле санариптик маалыматтарды ишенимдүү жана коопсуз сактоо үчүн шарт түзөт.