2026-жылдын 23–24-январь күндөрү Кемин районунун аймагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын Чүй–Кемин райондорунун кызматкерлери НАБУ уюмунун жаратылышты коргоо боюнча «Барс» тобунун кызматкерлери менен биргеликте рейддик иш-чара өткөрүштү.
26-январь 2026, 16:20
Чүй өрөөнү

Рейддик иш-чара 2025–2026-жылдардагы мергенчилик мезгилинин аяктап баратканына байланыштуу уюштурулуп, анын жүрүшүндө мергенчилик кылып жүргөн жарандардын уруксат берүүчү документтери текшерилди. Ошондой эле жарандар менен маектешүүлөр жүргүзүлүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу мергенчилик эрежелерин так сактоо боюнча эскертүүлөр берилди.
Айрыкча, мергенчилик мезгили аяктагандан кийин жаратылыштагы жапайы жаныбарларга жана канаттууларга аяр мамиле жасап, мыйзамсыз мергенчиликке жол бербөө зарылдыгы тууралуу жарандарга кеңири түшүндүрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө мергенчилик эрежелерин бузуу боюнча бир (1) факты катталып, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 263-беренесине ылайык протокол түзүлүп, 12 500 (он эки миң беш жүз) сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.