«Экологиялык коопсуздук» багыты боюнча 22 адис квалификациясын жогорулатты
28-октябрь 2026, 15:33
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Тармактар аралык окуу борборунда «Экологиялык коопсуздук» багыты боюнча кезектеги окуу курсу ийгиликтүү аяктады.
Окуу курсу министрликтин борбордук аппаратынын экологиялык кызматтарынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, ошондой эле мамлекеттик жаратылыш парктарынын жана коруктардын кызматкерлеринин кесиптик билимдерин тереңдетүүгө жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталды.
Окутуунун алкагында катышуучулар айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, өндүрүштүк ишмердүүлүктүн жаратылышка тийгизген терс таасирин азайтуу, ошондой эле экологиялык мыйзамдардын талаптарын иш жүзүндө колдонуу маселелери боюнча билимдерин жогорулатышты.
Курстун үчүнчү этабынын жыйынтыгында 22 адис квалификациясын жогорулатты. Окуу программасы теориялык билимдерди өздөштүрүү менен катар, кызматтык милдеттерди аткарууда зарыл болгон практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу менен уюштурулду.
Курсту ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаттар тапшырылды.
Министрлик экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жаратылыш ресурстарын коргоо жана экологиялык мыйзамдардын талаптарын натыйжалуу ишке ашыруу багытында адистердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу иштерин улантууда. Жыл аягына чейин тиешелүү адистердин бардыгын квалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөрүү пландалууда.